Тигүүчүлөр жана электрондук соода менен алектенгендер бирдиктүү салыктан убактылуу бошотулдуНарында ок атуу боюнча жаңы спорттук тир ачылдыКыргыз улуттук филармониясы жана Кореянын Сеул искусство жана маданият фонду кызматташатДүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына «Бишкек Аренага» шаттл-автобустар каттайт – даректерКылымдарды карыткан Кытай: Бишкекте өзгөчө эл аралык көргөзмө ачылдыБишкекте Кызыл-Суу кыргыздарынын аткаруусунда «Манас» спектакли коюлат
Эки миң адам катышты. Бишкекте велосезондун ачылышы болду
02.04.2023 | 13:17
Бишкекте бүгүн, 2-апрелде быйылкы жылдын велосезонунун ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата уюштурулган иш-чарага велосипедчен эки миң адам, анын ичинде мэр Эмилбек Абдыкадыров катышкан. Веложүрүш «Ала-Тоо» аянтынан башталып, Д. Асанов атындагы «Жеңиш» сейил багында жыйынтыкталган.
Спорттук иш-чара Mega компаниясы, Велоfriends позитив KG бейөкмөт уюму тарабынан мэриянын колдоосу менен уюштурулган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз