Бишкекте милиция башчысынын отставкасын талап кылган митинг өтөт

Бишкекте милиция башчысынын отставкасын талап кылган митинг өтөт

Эртең, 3-апрелде Бишкекте шаардык милициянын башчысы Азамат Ногойбаевди кызматтан алуу талабы менен митинг өтөт. Бул тууралуу «Балдардын укугун коргоочулар лигасы» коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова билдирди.

Белгилүү болгондой, акция шаардык милициянын имаратынын алдында саат 11:00до өтөт.

Эскерте кетсек, 31-мартта Азамат Ногойбаев зордукталгандан кийин өз жанын кыйган 13 жаштагы кыздын иши тууралуу айтып жатып, өспүрүм кыздар эркектер менен өз каалоосу менен жатып, андан кийин ушундай «окуялар» болуп жатканын айткан.

«Акыркы мезгилде дайынсыз жоголгон кыздар мындай учурга туш болуп жатат: бирөөлөр менен таанышат, ыктыярдуу түрдө алар менен жатып, анан ушундай окуялар болуп калууда. Албетте, жашы жете электер менен сексуалдык байланышта болгондорго жоопкерчилик каралган, ошондуктан эч ким жазасыз калбайт. Өз жанын кыйган кыз да турмушка чыгууну каалаган. Анын жашы жете элек болгондуктан, ушундай окуя болуп калды», — деген ал.

Ногойбаевдин бул сөзү коомчулукта катуу сынга кабылган. ИИМ Азамат Ногойбаевдин айткан сөздөрүнө байланыштуу кызматтык териштирүү баштаганын билдирген.

Бишкек милициясынын башчысынын сөздөрү боюнча териштирүү жүрүүдө

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>