Бишкекте 2026-жылга пландалган 136 жолдун 68и реконструкцияланды

Бишкекте борбор калаанын жол-транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүү жана жакшыртуу боюнча иштер уланууда. Мэрияда өткөн көчмө жыйында бир катар көчөлөрдү жана жол тилкелерин реконструкциялоонун жыйынтыктары менен таанышышты.
Иштер аяктагандан кийин төмөнкү көчөлөр жана тилкелер этап-этабы менен унаа кыймылы үчүн ачылды:
- Краснодарская көчөсүнүн Барпы Алыкулов көчөсүнөн Тираспольская көчөсүнө чейинки 510 метрлик бөлүгү;
- Шабдан Баатыр көчөсүнө (мурдагы Лев Толстой көчөсү) жанаша жайгашкан Лущихина көчөсүнүн 600 метрлик бөлүгү;
- Омур көчөсүнөн Эгиналиев көчөсүнө чейинки 600 метрлик Ак-Шоокум көчөсү;
- Чыңгыз Айтматов проспектисинен Садырбаев көчөсүнө чейинки 1 200 метрлик Семетей көчөсү;
- 12-кичи райондо Жусуп Абдрахманов көчөсүнөн «Айша» мечитине чейинки Аалы Токомбаев көчөсүнүн 3 200 метрлик тротуары;
- 5-кичи райондо Миррахимов көчөсүнөн №28, 29, 30 жана 30а үйлөрдүн жанындагы 350 метрлик жол;
- Абай көчөсүнөн Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейинки 600 метрлик Скрябин көчөсү;
- Жибек Жолу проспектисинен Салиев көчөсүнө чейинки 450 метрлик Осмонкул көчөсүнүн бөлүгү.
Бардык тилкелерде жолдун жабуусу жаңыртылып, тротуарлар жасалды жана ага чектеш аймактар иретке келтирилди.
Көчмө текшерүүнүн жүрүшүндө аткарылып жаткан иштердин сапатын жогорку деңгээлде камсыз кылуу жана ага чектеш аймактарды комплекстүү көрктөндүрүү зарылдыгы белгиленди.
Белгилей кетсек, 2026-жылы Бишкекте 136 унаа жолун жана тротуарды куруу, реконструкциялоо жана реабилитациялоо иштери башталган. Бүгүнкү күнгө карата алардын 68и аяктады.