Бишкекте 22 жаштагы жигитти катуу сабап кеткендер кармалды

Бишкекте 22 жаштагы жигитти катуу сабап кеткендер кармалды

Бишкек шаарында ден соолукка оор залал келтирген деген шек менен эки адам кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 6-январь күнү саат 07:00дөр чамасында 102 кызматына Манас проспектисинде жайгашкан батирлердин биринде мушташ болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге райондук администрациянын ыкчам-тергөө тобу барган. Алар келгенден кийин 2001-жылы туулган К.Б аттуу жаран жаракат алганы аныкталган. Жабырлануучу «айкалышкан травма, көкүрөктүн оң жана сол бел бөлүгүндөгү, оң жака белиндеги бычактан жаракат алган» деген диагноз менен Улуттук хирургия борборуна жаткырылган.

Бул фактынын негизинде Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголду.

Биринчи май РИИБдин ыкчам кызматкерлери Чүй облусунун ИИБнын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясынын инспекторлору менен биргеликте Чүй облусунун аймагынан кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган Ж.У жана 1992-жылы туулган А.Д. аттуу жарандарды кармашты. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Милиция алардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар экенин тактап жатат. Учурда тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>