Кыргызстанда муктаж жарандарга бөйрөк алмаштыруу акысыз жасалат

Кыргызстанда муктаж жарандарга бөйрөк алмаштыруу акысыз жасалат

Президент Садыр Жапаров гемодиализ алган бардык жарандардын бөйрөгүн акысыз алмаштырууну тапшырды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, учурда гемодиализ алып жаткан бейтаптарга бекер операция жасоо зарыл. Операция жасоо гемодиализге караганда үнөмдүү. Бөйрөк алмаштыруу операциясы мамлекетке 620 миң сом же 7,5 миң доллар турат.

«Биз 50 бекер операция жасайлы деп пландаганбыз. Бирок биринчи акысыз жасалган операциядан кийин мен президент менен сүйлөштүм. Ал учурда гемодиализ алып жаткан 2500 бейтаптын баарына бекер операция жасашыбыз керектигин айтты. Операцияларды жасасак, азыр гемодиализге кеткен каражат бюджетке үнөм болот», — деди ал.

Кошумчалай кетсек, ушул жылдын 1-февралында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун трансплантология бөлүмүндө 22 жаштагы бейтапка биринчи жолу бекер бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>