Бишкекте 25-ноябрда биринчи элдик курултай өтөт

Бишкекте 25-ноябрда биринчи элдик курултай өтөт

Бишкек шаарында 25-ноябрда биринчи элдик курултай өтөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 16-августта кол койгон.

Курултайды уюштуруу комитетинин башчысы болуп мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов дайындалып, анын курамы бекитилген.

Элдик курултай институту былтыр 5-майдан тартып күчүнө кирген Конституцияда жазылган. Ага ылайык, ушул жылдын 1-сентябрына чейин атайын мыйзам кабыл алынып, курултай жыл аягына чейин жыйынга чогулушу керек болчу.

Ал эми өлкө аймагында 5-ноябрда, биринчи элдик курултайга катышуу үчүн жергиликтүү жамааттардын курултайлары өткөн.

Жергиликтүү курултайлар бардык облустарда, Бишкек, Ош шаарларында, ошондой эле чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын арасында өткөн.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, биринчи элдик курултайдын ишине 1074 делегат катышат:

— административдик-аймактык бирдиктерден — 1036 делегат;

— чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан – 28 делегат;

— диний конфессиялардан — 10 делегат.

Административдик-аймактык бирдиктерден делегаттар шайланат:

— 452 айылдык аймактын ар биринен экиден (904 делегат);

— облустук маанидеги 12 шаардын ар биринен экиден жана райондук маанидеги 18 шаардын ар биринен бирден (42 делегат);

— Бишкек шаарынан — 60, Ош шаарынан — 30 (90 делегат).

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>