Садыр Жапаров COP17 саммитинде Ысык-Көлдү коргоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштадыКыргызстанда чет өлкөлүк номерлүү унаалардын кирүү эрежелери өзгөртүлдү — толук маалыматОш шаарында «Сулайман-Тоо» эл аралык кинофестивалы өтөт2027-жылдан тарта Кыргызстанда сотто өкүлчүлүк кылуу үчүн юристтерге окуудан өтүү талабы коюлатКытай Кореядан озуп кетти: Кыргызстанга эми кайсы унаалар көбүрөөк ташылып жатат?Бактыбек Анаркулов Суу ресурстары кызматынын директору болуп дайындалды
Бишкекте 27-июлда 5 миңден ашуун абоненттин жарыгы аралыктан өчүрүлөт
25.07.2026 | 12:20

Бишкек электр тармактар ишканасы (КУЭТке караштуу түзүм) карызы бар абоненттердин электр энергиясы алдыда аралыктан өчүрүлөрүн маалымдайт.
Маалыматка ылайык, 27-июлда Бишкекте АИСКУЭ акылдуу эсептегичтери дебитордук карызы бар 5 миңден ашуун абоненттин электр энергиясын аралыктан автоматтык түрдө өчүрөт.
Энергетиктер жарыксыз калбоо үчүн абоненттерди керектелген электр энергиясы үчүн карызын төлөөгө чакырат.
Өздүк эсептин абалын текшерүү үчүн ишкананын расмий сайтында «Абоненттин балансы» сервиси иштейт, андан тиричилик жана өнөр жай керектөөчүлөрү пайдалана алышат.
Мындан тышкары, тиричилик абоненттери балансын «Мой свет» мобилдик тиркемеси аркылуу да биле алышат.
Кошумча маалыматты күнү-түнү иштеген колл-борбордун төмөнкү номерлерине чалып алууга болот:
• 105;
• 0772 001 209, 0556 001 209;
• WhatsApp: 0702 001 209.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Кыргызстан, электричество