Өзгөндө аялдын сабалышы — кылмыш иши козголду

25.07.2026 | 11:52
Өзгөндө аялдын сабалышы — кылмыш иши козголду — Новости Кыргызстана

Өзгөн районундагы кафелердин биринде болгон окуя боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренеси («Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү») менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Reporter.kg басылмасына Ош облустук ИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, учурда күнөөлүү тараптарды аныктоо жана алардын иш-аракеттерине укуктук баа берүүгө багытталган тергөө амалдары жүрүп жатат. Алдын ала алынган медициналык маалымкатка ылайык, жабырлануучунун оң колунун үчүнчү манжасынын ортоңку фалангасынын жылышсыз жабык сыныгы аныкталган.

Кылмыш иши боюнча тергөө уланууда.

Эске салсак, 21-июндан 22-июнга караган түнү саат 02:20 чамасында Өзгөн районунун Дөң-Булак айыл аймагында жайгашкан сыра заводунун жанындагы кафелердин биринде эки эркек киши спирт ичимдигин ичип отурушкан. Милициянын маалыматына караганда, алар эсеп төлөөдөн баш тартып, чыр чыгарышып, мекеменин 1984-жылы туулган А. К. аттуу администраторун сабап, денесине жаракат келтиришкен. Аял администратордук кызмат менен бирге кассир жана сатуучу болуп да иштей турганы такталды.

Күбөлөрдүн айтымында, сабап жаткан учурда энесин коргоого аракет кылган уулу да ошол жерде болгон.

Анара Мамытова

Scroll to Top