Садыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйтУнаанын номерин кайра тариздөө кызматы эми «Түндүк» тиркемесинде жеткиликтүүЖККУ Ирандагы кырдаалга байланыштуу Борбор Азиядагы энергетикалык объектилерди коргоону күчөтүүгө чакырды
Бишкекте 7 жашар баланы сабаган адам кармалды (видео)
14.04.2024 | 15:16
Бишкек шаарында 7 жашар баланы сабаган жаран кармалды.
Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 12-апрелде милиция кызматкерлерине Б.А. аттуу аял кайрылган. Анын айтымында, саат 16:00 чамасында Ч.Айтматов проспектисинде жайгашкан билим берүү мекемелеринин биринде окуучулардын биринин атасы 2016-жылы туулган жашы жете элек уулун эч себепсиз сабап салган.
Бул фактынын негизинде Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголду. Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1990-жылы туулган К.Д. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар