Видео: Тыныбекова Бишкектеги Азия чемпионатынын финалына чыкты

Видео: Тыныбекова Бишкектеги Азия чемпионатынын финалына чыкты

Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова (62 кг) Бишкектеги Азия биринчилигинин финалына чыкты.

Тыныбекова беттешти чейрек финалдан баштап, алгачкы кармашында кореялык спортчуну тушеге басып жеңди. Ал эми жарым финалда монголиялык балбан менен күч сынашты. Беттештин биринчи бөлүгүндө ал 7:2 эсебинде алдыга чыгып, экинчи бөлүктө эсепти 13:3 кылып, атаандашын мөөнөтүнөн мурда утту.

Эми Тыныбекова алтын үчүн япониялык спортчу Сакура Мотоки менен беттешет.

Финалдык беттештер саат 18:00до башталат.

Айсулуу Тыныбекова менен Сакура Мотоки буга чейин эки жолу беттешкен. Балбан кыздар алгач ирет 2023-жылы дүйнө чемпионатынын финалында күрөшүп, Тыныбекова 4:1 эсебинде жеңишке жеткен. Экинчи жолу алар быйыл Хорватиядагы Zagreb Open рейтингдик мелдешинин жарым финалында беттешкен. Анда Тыныбекова япониялык спортчуну 3:3 эсебинде жеңген.

Япониялык балбан кызды Айсулуу Тыныбекованын Азия чемпионатындагы башкы атаашдашы десе болот.

Япониялык балбан кыз: Тыныбекованы жеңүү үчүн бардык күчүмдү жумшайм

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>