Бишкекте абадан коргонуу күчтөрүнүн музейи ачылды

Бишкекте абадан коргонуу күчтөрүнүн музейи ачылды

Бишкекте Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн абадан коргонуу күчтөрүнүн музейи ачылды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган мекеме эки жылдан бери ачылууга даярданып жаткан. Музейде Улуу Ата Мекендик согуштун экспонаттары, архивдик фотосүрөттөр жана тарыхый документтер, Фрунзедеги авиациялык клубга, Фрунзе жана Одесса учкучтар окуу жайларына байланыштуу сейрек кездешүүчү экспонаттар коюлган.

Музей Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматкерлери үчүн, ошондой эле жаш муундарды аскердик-патриоттук тарбиялоо, аскердик авиацияны жайылтуу үчүн ачык.

Музей экспонаттарын чогултууга биринчи учкуч Абдували Курбаналиевдин небереси Ринат чоң атасынын аскердик кызматы тууралуу толук архивди чогулткан, ошондой эле кыргыз авиациясынын пионери, учкуч-инструктор Касым Ормокоевдин жакындары көмөктөшкөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>