Өз кыздарын зордуктаган ата жоопко тартылбай келет. Окуянын чоо-жайы

Өз кыздарын зордуктаган ата жоопко тартылбай келет. Окуянын чоо-жайы

Чүй облусунун Жайыл районунда жашы жете элек кыздарга зордук-зомбулук көрсөтүү фактысы боюнча кылмыш ишин милиция тергеп жатат. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2021-жылдын январында соттук-психологиялык-психиатриялык экспертиза дайындалган. Ошол учурда кыздарда ооруган деңгээлге жеткен психикалык бузулуулардын жана психотравмалардын белгилери табылган эмес.

«2021-жылдын 24-февралында кыздарга комиссиялык соттук-психологиялык-психиатриялык экспертиза дайындалган. 2022-жылдын 1-сентябрында кылмыш ишин токтотуу тууралуу токтом Башкы прокуратура тарабынан жокко чыгарылып, Жайыл районунун тергөө кызматына жөнөтүлгөн. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат, жыйынтыгында Кылмыш-процессуалдык кодексинин нормаларына ылайык чечим чыгарылат. Райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын адистери үй-бүлө менен жекече иш алып баруу планын түзүштү. Кыздар Кара-Балта шаарындагы билим берүү мекемелеринде билим алышат», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева Жайыл районунда атасы өз кыздарын зордуктаганын айткан. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Он алты жашка чыга элек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер» жана «Адепсиз жоруктар» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Депутаттын айтымында, кыздардын апасы президенттин атына кат жазган. 2017-жылдан бери ал акыйкаттыкка жете албай келет.

«Кыздардын апасы башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылган. Анын айтымында, кыздарынын психиатриялык экспертизасы жети-сегиз жолу жүргүзүлгөн. Бул иш боюнча тергөө созулуп жатат. Кыздар бир нече жолу суракка алынган. Жабырлануучулар атасынын алар менен эмне кылганын куурчактар менен көрсөтүп беришкен. Ага карабай тергөөчүлөр материалдарды кайра экспертизага жөнөтүп келишет», — деген Эльвира Сурабалдиева.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>