Кыргызстан БУУнун Киберкылмыштуулукка каршы конвенциясына кол койду

23.09.2026 | 12:05
Кыргызстан БУУнун Киберкылмыштуулукка каршы конвенциясына кол койду — Новости Кыргызстана

Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Киберкылмыштуулукка каршы конвенциясына кошулду. Документке КРдин башкы прокурору Малик Бектурганов кол койгон. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Кол коюу аземи 22-сентябрда Нью-Йорк шаарындагы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында өткөрүлүп жаткан Келишимдик иш-чаранын жүрүшүндө уюштурулган. Аталган Конвенция БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2024-жылдын 24-декабрында кабыл алынган.

Документ маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу менен жасалган кылмыштардын алдын алуу жана тергөө боюнча эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнү, электрондук далилдерди сактоо, алуу жана алмашуу механизмдерин жөнгө салууну карайт. Ошондой эле мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүүгө багытталган.

Башкы прокуратуранын маалыматында, конвенцияга кол коюу Кыргызстандын трансулуттук киберкылмыштарга каршы күрөшүү жана жазык иштери боюнча эл аралык укуктук жардам көрсөтүү чөйрөсүндөгү кызматташтыгын кеңейтүүгө шарт түзөт. Кийинки этапта Конвенцияны ратификациялоо жана анын жоболорун улуттук мыйзамдарга киргизүү боюнча ички мамлекеттик жол-жоболор жүргүзүлөт.

Scroll to Top