Бишкекте алдамчылыкка шектелип кримчөйрөнүн адамы кармалды (видео)

Бишкекте алдамчылыкка шектелип кримчөйрөнүн адамы кармалды (видео)

Ош облусунун тургунун алдап кеткен шектүү Бишкектен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 2019-жылы болгон. Ош облусунун тургуну 200 миң сомдук «Ауди-А6» унаасын сатуу үчүн унаа базарында жүргөндө, бир жаран жанына келип, сүйлөшүп калган. Ал адам сатылып жаткан унааны мактап, Ош облусунун тургунунун ишенимине кирген. Унааны сатып алам деп убадалап, 200 миң сомдун аз бөлүгүн гана берип, унааны алып кеткен. Калган акчаны жакынкы күндөрү берем деп ишендирген. Бирок унааны алган бойдон изин жашырып кеткен.

Бул факты боюнча 2023-жылдын октябрь айында Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүгү (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Ош шаарынын 40 жаштагы М.З. аттуу тургуну Бишкектен кармалган.

«Алынган маалыматтар боюнча кармалган жаран мурда соттолгон жана криминалдык чөйрө менен байланышы бар. Ошондой эле, криминалдык чөйрөнүн түшүнүгүн карманат жана «смотрящий» криминалдык статусуна ээ», — деп билдирет ИИМ.

Шектүү Ош шаарына жеткирилип, шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>