Кыргызстанда автоунаалардын ызы-чуусун өлчөө жана нормадан ашкандарга айып пул салуу демилгеленүүдө — мыйзам долбоору

Кыргызстанда транспорт каражаттарынын ызы-чуусунун деңгээлине көзөмөлдү күчөтүү жана белгиленген ченемдерден ашкан унааларды пайдаланууга тыюу салуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Өзгөртүүлөрдү «КРдеги жол кыймылы жөнүндө» мыйзамына жана Укук бузуулар жөнүндө кодекске киргизүү сунушталууда.
Мыйзам долбоору автоунаалардын ызы-чуусунун деңгээлине, чыккан газдарды чыгаруу (түтүн чыгуучу) системасындагы өзгөртүүлөргө жана үндү жасалма күчөтүүчү жабдууларды орнотууга карата өзүнчө талаптарды карайт.
Долбоорго ылайык, эгерде унаанын ызы-чуу деңгээли техникалык регламенттерде белгиленген чектен ашып кетсе, аны пайдаланууга тыюу салуу сунушталат. Ошондой эле газ чыгаруу тутумунун конструкциясына өзгөртүүлөр киргизилген же үндү күчөтүүчү жабдуулар орнотулган унааларды — эгерде мындай өзгөртүүлөр өндүрүүчү тарабынан каралбаса жана техникалык регламенттерге дал келбесе — айдоого тыюу салынат.
Мындай өзгөртүүлөрдүн зарылдыгы түтүн чыгаруучу тутуму өзгөртүлгөн жана ызы-чууну күчөтүүчү кошумча жабдуулары бар унааларды айдаган учурлар көбөйүп кеткени менен түшүндүрүлөт.
Демилгечинин маалыматы боюнча, ашыкча ызы-чуу калкка, өзгөчө кечки жана түнкү убакта турак жай аймактарында олуттуу ыңгайсыздык жаратып, жарандардын көптөгөн нааразылыктарына себеп болууда.
Ошол эле учурда мыйзам долбоору ызы-чуу деңгээли боюнча өз алдынча жаңы ченемдерди киргизбейт. Бажы биримдигинин колдонуудагы ТР ТС 018/2011 «Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентинин талаптарын колдонуу сунушталууда.
Негиздеме-маалымкатка ылайык, өндүрүүчүнүн маалыматтары жок болгон учурда, ызы-чуунун чеги M1, N1 жана L категориясындагы унаалар үчүн 96 дБА, M2 жана N2 категориялары үчүн 98 дБА жана M3 менен N3 категориялары үчүн 100 дБАны түзөт.
Мында унаа «өтө эле үнү катуу чыгып жатат» деген субъективдүү баа берүүнүн негизинде гана айдоочуну жоопкерчиликке тартуу каралган эмес.
Мыйзам долбоорунда ызы-чуунун деңгээлин объективдүү аспаптар менен өлчөө каралган. Өлчөө жүргүзүү, мыйзам бузууну документтештирүү жана көзөмөлдөө тартибин Министрлер кабинети аныкташы керек.
Эгерде ызы-чуунун уруксат берилген деңгээлинен ашып кеткени же газ чыгаруу системасынын конструкциясы мыйзамсыз өзгөртүлгөнү аныкталса, кемчилик жоюлганга чейин автоунааны пайдаланууга тыюу салуу сунушталууда.
Мындан тышкары, айдоочуну унаа башкаруудан четтетүү үчүн негиздердин тизмесин толуктоо сунушталат. Анын катарына ызы-чуунун жол берилген чектен ашуусу, ошондой эле техникалык регламенттерди бузуу менен газ чыгаруу системасынын конструкциясын өзгөртүү же жабдууларды орнотуу кирет.
Укук бузуулар жөнүндө кодекстин колдонуудагы нормасына ылайык, айдоочу унаа башкаруудан четтетилгенде, ыйгарым укуктуу органдар транспорт каражатын атайын айып токтотуучу жайга (штрафстоянкага) киргизишет. Мыйзам долбоору бул норманы өзгөртпөйт.
Ызы-чуу деңгээли жол берилген чектен ашкан автоунааны башкаргандыгы үчүн жеке жактарга 5,5 миң сом, юридикалык жактарга 17 миң сом өлчөмүндө айып пул салуу демилгеленүүдө.
Автоунааларды техникалык жактан тейлөө жана оңдоо менен алектенгендер үчүн да өзүнчө жоопкерчилик каралган. Эгерде өндүрүүчү тарабынан каралбаса жана техникалык регламенттерге дал келбесе, түтүн чыгаруучу тутумдун ызы-чуусун күчөтүүгө арналган жабдууларды орнотууга тыюу салынат.
Техникалык тейлөө же оңдоо учурунда мындай жабдууларды орноткондугу же газ чыгаруу тутумунун конструкциясын мыйзамсыз өзгөрткөндүгү үчүн: жеке жактарга 7,5 миң сом, юридикалык жактарга 23 миң сом өлчөмүндө айып пул каралган.
Көзөмөлдөө механизми бир нече этапты камтыйт: эреже бузууну аныктоо, ызы-чуу деңгээлин объективдүү өлчөө, аны документтештирүү, кемчиликти четтетүү боюнча жазма эскертүү берүү жана кайра текшерүү.
Министрлер кабинетине мыйзам күчүнө киргенден кийин үч айдын ичинде ызы-чуунун деңгээлин өлчөө тартибин, өлчөөчү приборлорго карата талаптарды, жыйынтыктарды тариздөө жол-жобосун, кемчиликтерди жоюу мөөнөттөрүн жана кайра текшерүү тартибин аныктоо тапшырылат. Ошондой эле талаптардын сакталышын көзөмөлдөй турган мамлекеттик органдар жана кызмат адамдары аныкталууга тийиш.
Мыйзам кабыл алынган учурда расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Анара Мамытова