Бишкекте автобус менен «Хонда Фит» сүзүшүп, айдоочу жабыркады (видео)

Бишкекте автобус менен «Хонда Фит» сүзүшүп, айдоочу жабыркады (видео)

Бишкектеги Ак-Ордо конушунда №10 автобус менен «Хонда Фит» унаасынын катышуусунда жол кырсыгы болду. Бул тууралуу Милициzнын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсык 6-февралда болжол менен саат 23:30да болгон. №10 автобус Ахунбаев көчөсү менен баратып Каркыра көчөсүнө жеткенде алдынан «Хонда Фит» унаасы чыга калган. Натыйжада эки унаа сүзүшүп, жеңил унаанын айдоочусу жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Кайгуул милициясынан белгилешкендей, автобус башкы жолдо келе жаткандыктан «Хонда Фит» ага жол бошотуш керек болчу. Бирок жеңил унаанын айдоочусу “Жол бошотуу” белгисинин талабын аткарган эмес.

№10 автобус жумуштан кийин токтоочу жайына кайтып бараткан. Анын ичинде жүргүнчүлөр болгон эмес.

Учурда бул окуя боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, Милициянын кайгуул башкармалыгын тергөө кызматы тергөө жүргүзүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>