11-октябрь: Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз +28° чейин жылуу болот

Кыргызгидрометтин билдирүүсүндө, бүгүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрге жетет.
Ведомствонун маалыматы боюнча:
• Чүй облусунда түнкүсүн +5…+10°C, күндүз +20…+25°C;
• Талас облусунда түнкүсүн +4…+9°C, күндүз +19…+24°C;
• Ош облусунда түнкүсүн +8…+13°C, күндүз +23…+28°C;
• Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +8…+13°C, күндүз +23…+28°C;
• Баткен облусунда түнкүсүн +8…+13°C, күндүз +23…+28°C;
• Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7°C, күндүз +17…+22°C;
• Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6°C, күндүз +16…+21°C.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4–9 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10°C, күндүз +23…+25°C болот.
Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4–9 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7°C, күндүз +18…+20°C жылуу болот.