Ачык аба ырайы жана +23°Cге чейин жылыйт: 20-октябрга карата аба ырайыСамаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттү
Бишкекте автобустарда коляскаларды акысыз алып жүрүү боюнча пилоттук долбоор ишке киргизилди
09.07.2026 | 09:51

Бишкекте шаардык автобустарда балдар коляскаларын алып жүрүү үчүн акы алуу сыноо иретинде бир айга токтотулду. Мэр Айбек Жунушалиевдин айтымында, балдар коляскасы үчүн акы алууну караган мурдагы тартип негизсиз болуп саналат.
Ал «Бишкек шаардык транспорту» муниципалдык ишканасынын директору Талант Капаровго жаңы эрежелерди туруктуу негизде беките турган Бишкек шаардык кеңешинин чечиминин долбоорун даярдоону тапшырды. Ага чейин балдар коляскаларын акысыз алып жүрүү пилоттук долбоордун алкагында иштей берет.
«Бишкек шаардык кеңешине чечим даярдагыла. Муну бир айлык пилоттук долбоор кылып жасайлы. Нормативдик документтерге өзгөртүүлөр киргизилгиче, мындай чечимди азыртадан эле кабыл алса болот. Буйруктун долбоорун даярдагыла, ага өзүм кол коём», — деди мэр.
Ошондой эле автобус айдоочуларына балдардын коляскасы үчүн акы албоо тапшырылды.
Күн сайын Бишкектин автобустарында кичинекей балдары бар жүргүнчүлөрдүн 200гө жакын сапары катталат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом