«Улуулардын ысымдары менен»: ОГКнын мүчөлөрү Чыңгыз Айтматов чокусун багындырыштыБишкектеги фестивалда окумуштуулар космос, адам жана медицина тууралуу айтып беришетСоода-өнөр жай палатасы 10 өлкөгө жаңы өкүлдөрүн дайындадыЖети-Өгүздө муниципалдык мүлктү мыйзамсыз күрөөгө коюу фактысы аныкталдыӨзбекстандын ЖОЖдорунда акысыз окуу үчүн кыргызстандыктарга 20 орун бөлүндүКыргызстанда Telegram, Microsoft жана дагы 9 сервиске кирүүгө чектөө коюлушу мүмкүн
Бишкекте аял киши катуу сабалып, каза болгон. Шектүү кармалды
20.11.2024 | 12:33
Бишкекте аял киши катуу сабалып, каза болгон. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 9-ноябрга караган түнү шаарда 30-35 жаштагы аялдын сөөгү табылган. Кийин ал 38 жаштагы Н.В. экени аныкталган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 3-бөлүгү (адам өлүмүнө алып келген ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иш козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 33 жаштагы П.Д. аттуу жаран кармалган. Ал соттун чечими менен тергөө аяктаганга чейин 2 айга камакка алынган.
Тергөө иштери уланууда.