Бүгүн, 28-майда Бишкектеги Байтик баатыр көчөсүнүн дагы бир бөлүгү оңдоо иштери үчүн жабылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Белгилүү болгондой буга чейин Байтик баатырдын Токомбаевден Сүйөркулов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылган. Эми Сүйөркуловдон Ахунбаев көчөсүнө чейинки тилкеси жабык болот.
Ошол эл учурда Сүйөркулов көчөсү унаалардын өтүүсү үчүн ачык болот.
Эскерте кетсек, Байтик Баатыр көчөсүн Токомбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин оңдоп-түзөө пландалууда.