18-июль: Кыргызстанда абанын температурасы +43° чейин көтөрүлөт

18.07.2026 | 10:02

Бүгүн, 18-июлда, түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, ошондой эле Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Ош облусунун өрөөндүү аймактарында жана өлкөнүн калган аймактарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрди түзөт. Бул тууралуу «Кыргызгидромет» билдирди.

18 июля: в Кыргызстане до +43°C, на Иссык-Куле местами кратковременный дождь — Новости Кыргызстана

Ведомствонун маалыматына ылайык:

  • Чүй облусунда түнкүсүн +22…+27°С, күндүз +38…+43°С;
  • Талас облусунда түнкүсүн +17…+22°С, күндүз +35…+40°С;
  • Баткен облусунда түнкүсүн +23…+28°С, күндүз +38…+43°С;
  • Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +23…+28°С, күндүз +38…+43°С;
  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +14…+19°С, күндүз +28…+33°С;
  • Нарын облусунда түнкүсүн +11…+16°С, күндүз +30…+35°С.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрди түзөт. Абанын температурасы түнкүсүн +25…+27°С, күндүз +41…+43°С болот.

Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрди түзөт. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18°С, күндүз +29…+31°С болот.

Scroll to Top