Бишкекте бассейндерде жана суу сактагычтарда рейддер башталды

Бишкекте бассейндерде жана суу сактагычтарда рейддер башталды

Бишкекте бассейндерде жана суу сактагычтарда рейддер башталды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чаралар Биринчи Май, Свердлов жана Октябрь райондорунда өттү. Аларды акимчиликтин кызматкерлери ИИМдин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө адистери менен биргеликте жүргүзүүдө.

Тактап айтканда, Биринчи Май районунда Лумумба көчөсүндөгү 86-үйдүн короосундагы «Асема» ачык бассейнинде чоңдордун көзөмөлү жок жашы жете элек балдар сууга түшүп жүргөнү табылган, ал жерде куткаруучулар болгон эмес. Окуя болгон жерде акт түзүлдү.

Свердлов районунда окуу жылы аяктаганга чейин бардык мектептерде сууга түшүүдө коопсуздук чараларын сактоо боюнча окуучулар жана ата-энелер менен класстык сааттар өткөрүлдү.

Мэрия суу объектилери кооптуу жер экенин эске салып, эрежелерди сактоону суранат.

Эскерте кетсек, 6-июнь күнү 3-класстын окуучусу «Ала-Тоо» аквапаркына чөгүп каза болгон. Билим берүү мекемесинин жетекчилиги балдарды эс алуу жайына жамааттык алып чыгууну уюштурган. Айрым маалыматтар боюнча, бала чоңдор үчүн бассейнде сүзүп жүрүп чөгүп кеткен.

Мектептин жети мугалими жана эки окуу бөлүм башчысы иштен бошотулса, директор дагы иштен алынган.

«Ала-Тоо» аквапаркынын администрациясы үч күндөн кийин гана билдирүү таратып, окуяны кырсык деп атады. Аталган аквапарктын куткаруучусу кармалган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>