Нарында карындашына болушам деп ур-токмоктолгон жигит оор абалда

Нарында карындашына болушам деп ур-токмоктолгон жигит оор абалда

Нарын районунда ур-токмоктон улам жабыркаган жаранга акыйкатчы кошумча медициналык экспертиза дайындалышын талап кылды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, акыйкатчынын наамына С.К. аттуу жаран карындашына болушкан уулу Ж.К.ны ур-токмокко алган балдардын тобуна карата тергөөнүн аракетсиздиги боюнча арызданган. Ур-токмоктун натыйжасында уулу 2 айдан ашык убакыттан бери Улуттук госпиталда стационардык дарыланууда.

Иштин жагдайын иликтөө максатында Акыйкатчы аппаратынын кызматкери быйылкы жылдын 18-июнунда Нарын облусуна иш сапары менен барды. Окуя Кызыл-Жылдыз айылында болгон.

Акыйкатчы аппаратынын кызматкери Нарын облусунун прокурору менен жолугушуп, аталган окуяны иликтөө боюнча прокурорго жабырлануучунун ден соолугунун учурдагы абалын эске алуу менен кошумча комиссиялык экспертиза жүргүзүү зарылчылыгы боюнча жүйө келтирди, анткени буга чейинки корутундуда анча оор эмес жаракат алган деп берилген, бирок баланын абалы ушул күнгө чейин оор бойдон калууда.

Ошондой эле ал Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы жана штаттык бирдиктеги психолог менен жолугушту. Жыйынтыгында бул маселе ИИБ башчысынын жеке көзөмөлүнө алынды. Ал эми психологго жабырлануучунун жашы жете элек карындашына кошумча психологиялык жардам көрсөтүү сунушталды.

Мындан сырткары, Акыйкатчы аппаратынын кызматкери жабырлануучунун карындашы окуган мектептин директору, класс жетекчиси жана социалдык мугалими менен жолугушту. Анда ал билим берүүнүн шарттары, мугалимдердин иши менен таанышты. Акыйкатчы аппаратынын кызматкери тарабынан ата-энелери эмгек мигранты болгон жана толук эмес үй-бүлөлөрдөн чыккан балдарга өзгөчө көңүл бурууну жана мектеп рэкетчилигин алдын алууну күчөтүү керектиги белгиленди.

“Жашы жете элек балага (жабырлануучунун карындашына) орой мамиле кылган Нарын ИИБдин жашы жете элек өспүрүмдөр боюнча иштеген кызматкерине, Нарын районунун прокурорунун сунушу боюнча, ички иштер бөлүмүнүн тийиштүү буйругу менен сөгүш түрүндөгү жаза колдонулуп, ал башка кызматка которулган. Бул иш аягына чыккыча Акыйкатчынын көзөмөлүндө болот”, — деп айтылат маалыматта.

 

 

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Акыйкатчы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>