Бишкекте Баткенге гумжардам чогултуу уланууда

Бишкекте Баткенге гумжардам чогултуу уланууда

Бишкекте Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркаган Баткен районунун тургундары үчүн гуманитардык жардамдарды чогултуу уланууда.

Ыктыярчылар келген буюмдарды, кийимдерди ирээттеп, «мырзалар», «айымдар», «балдар» деген жазуусу бар баштыктарга салышууда. Бул баткендиктерге дароо эле айрым категориядагы жарандар үчүн баштыктарды ачууга жардам берет.

Жалпысынан 2021-жылдын 16-сентябрынан 22-сентябрына чейин бүгүнкү түшкөн гуманитардык жардамды эсепке албаганда, жаңжал болгон аймакка 406,3 тонна азык-түлүк жана эң керектүү товарлар жөнөтүлгөн.

Ошондой эле, 2022-жылдын 16-сентябрынан 22-сентябрына чейин гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча Республикалык штабда орнотулган терминалдар аркылуу Баткен районунун тургундарына жардам көрсөтүүнүн эсептик эсебине 3 млн 735 146 сом которулду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>