Тажикстан ТИМинин жалган билдирүүсү төгүндөлдү

Тажикстан ТИМинин жалган билдирүүсү төгүндөлдү

«Америка авазынын» аймактык кабарчысы Давронбек Насибханов фейсбуктагы баракчасында Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндөгү маалыматты төгүндөдү.

Тажикстан ТИМи билдирүүсүндө тажик улутундагы «Азаттыктын» Ош облусу боюнча кабарчысы (кабарчы аял киши деп көрсөтүлгөн — ред.) 18-сентябрда сабалды деп жазган. Андан кийин министрлик ал жазгандарын тексттен алып салган.

Давронбек Насибханов аталган билдирүүдө айтылгандай улуту тажик эмес экенин жана аны Тажикстан менен эч нерсе байланыштырбай турганын жазган.

«Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги өз сайтында «Кыргызстандагы этникалык тажиктерге басым көрсөтүлүп жатканы тууралуу» билдирүү жарыялап, менин да аты-жөнүмдү кошуптур.

Алар мени этникалык тажик аял, «Азаттык» радиосунун кыргыз кызматында иштейт деп жазган. Менин жынысым эркек жана «Азаттыктын» кыргыз кызматына тиешем жок. Мен Кыргызстандын жаранымын, улутум өзбек. Чынында окуя 17-сентябрда Оштогу борбордук аянтта болгон, бирок ал башка тема.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги мени этникалык тажик деп көрсөтүп, аны саясий максатта колдонушун каалабайм. Мени Тажикстан менен эч нерсе байланыштырбайт.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги аталган билдирүүнү сайтына жарыялап, бир аздан кийин өчүрдү. Бирок алардын билдирүүсүнүн сүрөтү калды», — деп жазган ал.

Ошондой эле «Азаттык» радиосу да Тажикстандын ТИМинин билдирүүсүн төгүндөп, Давронбек Насибханов аларда иштебегенин билдирди.

Эскерте кетсек, «Америка авазынын» журналисти Давронбек Насибханов 17-сентябрда Ош шаарында Баткен үчүн жардам штабынын иши боюнча материал даярдап жүргөн учурда белгисиз адамдар тарабынан сабалган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: төгүндөө

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>