Бишкекте «Батуми» кафеси буздурулууда — сүрөт

Бишкекте «Батуми» кафеси буздурулууда — сүрөт

Бишкек шаарынын Тыналиев көчөсүндөгү жалпы аянты 1300 чарчы мертди түзгөн “Батуми” кафеси буздурулууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, жеринде мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев, Ленин районунун акими Мураталы Тагаев, Жер пайдаланууну жана  көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын башчысы Уран Мусаев жана башка кызматтардын өкүлдөрү иш алып барууда. Ошондой эле жеринде “Тазалык” муниципалдык ишканасынын бузуу бөлүгүнүн жумушчулары иштөөдө.

Белгилей кетсек, «Эстоунд» ЖЧКсынын жер тилкелерине ижарага укук берүү боюнча комиссиянын чечими менен ижара келишиминин мөөнөтүн узартуудан баш тартылган. Бишкек мэриясынын Жер пайдаланууну жана көзөмөлдөө башкармалыгына объектти бузуу тапшырмасы берилген.

Мекеменин өкүлдөрүнө 2023-жылдын 17-майында өз ыктыяры менен демонтаждоо тууралуу эскертүү берилген, бирок талап аткарылган эмес.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>