Бишкекте «Бишкек Аренадагы» концертке карата 250 шаттл-бас каттайт — чоо-жайы

Бишкекте 18-сентябрда «Бишкек Арена» стадионундагы концерттин көрүүчүлөрү үчүн 250 шаттл-бас уюштурулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Чет элдик артисттердин катышуусундагы концерт саат 19:00дө башталат. Шаттл-бастар саат 15:00дөн 18:00гө чейин беш багыт боюнча каттайт:
— № 1 шаттл-бас: «Асанбай» кичи району (А. Токомбаев көч., 3/7) — «Бишкек Арена»;
— № 2 шаттл-бас: Матыев көчөсү (Алтымышов көч., 98/1) — «Бишкек Арена»;
— № 3 шаттл-бас: Жаштар кварталы (Малдыбаев көч., 275/Б) — «Бишкек Арена»;
— № 4 шаттл-бас: Т. Фрунзе көчөсү (Гагарин көч., 284) — «Бишкек Арена»;
— № 5 шаттл-бас: «Ынтымак» сейил багы — «Бишкек Арена».
Концерт аяктагандан кийин шаттл-бастар көрүүчүлөрдү кайра уюшкандыкта жеткирип таратат.
Мэриядан 18-сентябрда шаардык коомдук транспорт кадимки тартипте иштей турганын баса белгилешти. Каттамдардын санын кыскартуу, алардын иш графигин өзгөртүү же кыймылын токтотуу пландалган жок.
Көрүүчүлөрдүн көп болушу күтүлүп жаткандыгына жана концерт иш күнүнө туш келгендигине байланыштуу шаар тургундарына жол жүрүүнү алдын ала пландап, жолдогу убакыттын көбөйүп кетиши мүмкүндүгүн эске алуу сунушталат.