Бишкекте BTS, Backstreet Boys жана Дженнифер Лопестин концерттери өтүшү мүмкүнСадыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен баратОш облусунда зыяндуу чегирткелердин кыштоочу жайлары аныкталуудаМанасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөтКыргызстанда мотоциклдерди, мопеддерди жана скутерлерди мыйзамдаштыруу пландалуудаЖогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга каттоо башталды
Кыргызстан менен Кореянын ортосунда чакан бизнести колдоо боюнча меморандумга кол коюлду
18.09.2026 | 10:31

Кыргызстандын Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги менен Кореянын Чакан бизнести жана рынокту колдоо кызматынын (SEMAS) ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду. Агенттиктин маалыматында, документ чакан бизнести колдоо жана тажрыйба алмашуу багытындагы биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга негиз түзөт.
Келишимге Улуттук агенттиктин жетекчиси Равшанбек Сабиров менен SEMAS уюмунун төрагасы Ин Тэ Ёндун жолугушуусунун жыйынтыгында кол коюлган. Жолугушууда эки тарап чакан жана орто ишкердикти колдоо механизмдери жана тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашкан.
Равшанбек Сабиров Кыргызстан чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, инвестиция тартуу үчүн кореялык өнөктөштөр менен кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирген.
"Биз кореялык өнөктөштөр менен кызматташтыкты кеңейтүүгө, инвестицияларды жана ишкердикти өнүктүрүүгө, ошондой эле өлкөбүздө жаңы долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө боло турган практикалык тажрыйбаны тартууга кызыкдарбыз",- деген ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика
Теги: инвестиция, Корея