Дээрлик үч жылдан кийин: Ми-8дин кыйрашы боюнча эки аскер кызматкери камаккаалындыКыргызстандын вице-премьеринин мурдагы кеңешчиси алдамчылык иши боюнча камакка алындыТатьяна Ким 20 жыл иштегенден кийин Wildberries башчысы кызматынан кетти — эмнелер белгилүүБанктар сентябрда курулушка 12,3 миллиард сомдук насыя бердиБишкекте ӨКМге караштуу Башкаруу борборунун экс-башчысы камакка алынды — райондук соттун тактоосу1,5 миң сомдук аңчылык күбөлүгү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты
УКМК жайыт акысын чогултууда 36 млн сомдук каржылык мыйзам бузууларды аныктады
18.09.2026 | 10:26

УКМК кызматкерлери Нарын облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана муниципалдык кызматтарынын кызмат адамдары тарабынан жайыттарды пайдалануу үчүн акы чогултууда каржылык мыйзам бузуу фактыларын аныкташты.
Калктан чогултулган каражаттар жергиликтүү бюджетке толук көлөмдө түшкөн эмес. Финансы министрлигинин Ички аудит кызматы тарабынан облустун 27 айыл аймагында жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча келтирилген зыяндын көлөмү 36 миллион сомдон ашык сумманы түздү.
Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Укук коргоо органдары тиешелүү кызмат адамдарынын катыштыгын тактап, каражаттарды мамлекетке кайтаруу боюнча чараларды көрүүдө.
Теги: ГКНБ