Таттыбүбү менен Сүймөнкулдун сүрөтү тартылган мурал пайда болду

Таттыбүбү менен Сүймөнкулдун сүрөтү тартылган мурал пайда болду

Бишкек шаарында Чыңгыз Айтматовдун атактуу “Кызыл алма” чыгармасындагы каармандары, кыргыз киносунун белгилүү актерлору Сүймөнкул Чокморовдун жана Таттыбүбү Турсунбаеванын элеси түшүрүлгөн мурал пайда болду.

Мэриянын маалыматына караганда, мурал Чүй проспектиси, 124  дареги  жана  Панфилов көчөсү менен кесилишкен даректеги  имараттын сыртына тартылган.  Имараттын капталын Джубили Кыргызстан  камсыздандыруу компаниясынын («Jubilee Kyrgyzstan Insurance Company» ЖАК) тапшырыгы жана демилгеси менен стрит-арт сүрөтчүлөрү кооздоду.

Бул мурал имараттардын фасаддарын жаңылоонун алкагында орнотулуп, компаниянын 25 жылдыгына карата шаарга белек болуп саналат. Муралды тартуу  иштери бир жуманын ичинде бүтөт.

Сүрөттү тартуу Биринчи май райондук администрациясы жана «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемеси менен макулдашылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: мурал

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>