Бишкекте чет элдик жаран милицияга пара берип жаткан учурда кармалды

05.08.2026 | 18:13
Бишкекте чет элдик жаран милицияга пара берип жаткан учурда кармалды — Новости Кыргызстана

Бишкек шаарында чет өлкөлүк жаран милиция кызматкерине пара берүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-августта Абдрахманов көчөсүндөгү караоке-клубдардын биринде чет өлкөлүк жарандардын катышуусунда мушташ болгон. Натыйжада үч чет өлкөлүк жаран милицияга жеткирилип, аларга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин «Майда бейбаштык» беренеси боюнча протокол түзүлгөн. 4-августта Свердлов райондук сотунун чечими менен алардын ар бири 3 күнгө камакка алынган.

Соттук отурумдан кийин өзүн кармалгандардын өкүлү катары тааныштырган 42 жаштагы С.Ч. аттуу чет өлкөлүк жаран милиция кызматкерине кайрылып, камалгандарды бошотуу үчүн 100 миң сом сунуштаган. Мындан тышкары, ал буга чейин да кызматкерлерге ишти оңунан чечип берүүсүн суранып акча сунуштаганы аныкталган.

Жыйынтыгында аталган чет өлкөлүк кызматкерге 100 миң сом акча берип жаткан учурда, кылмыш үстүндө кармалган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Пара берүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иши жүрүүдө.

Scroll to Top