Жарым жылда айыл чарбасы менен ишкердикти колдоого 6,7 млрд сом жеңилдетилген насыя берилген

05.08.2026 | 17:49
Жарым жылда айыл чарбасын жана ишкердикти колдоого 6,7 млрд сом жеңилдетилген насыя берилген — Новости Кыргызстана

2026-жылдын биринчи жарымында мамлекеттик каржылоо программаларынын негизинде айыл чарбасын жана ишкердикти колдоого жалпы 4 миң 457 жеңилдетилген насыя берилди. Каржылоонун жалпы суммасы 6 млрд 781,7 млн сомду түздү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Жеңилдетилген насыялар эң көп «Айыл чарбасын каржылоо – 14» программасынын алкагында берилген. Жалпысынан 3 миң 846 насыя берилип, ал 2 млрд 530,8 млн сомду түзгөн.

Чакан жана орто ишкердикти колдоо программасы боюнча 180 долбоорго 2 млрд 528,2 млн сом каржыланган. Ошондой эле Агроөнөр жай комплексин насыялоо программасы боюнча кайтарым каражаттардын эсебинен 375 насыяга 1 млрд 498,3 млн сом бөлүнгөн.

Мындан тышкары жеңилдетилген насыялар төмөнкү программалар боюнча берилген:

  • Асыл тукум мал чарбасы (3%дык чен менен): 47 насыяга 176,1 млн сом;
  • Бириккен товар өндүрүүчүлөр: 8 насыяга 46,8 млн сом;
  • Үрөнчүлүк жана питомниктер: 1 долбоорго 1,5 млн сом.
  • Ошондой эле, Эт кластерин өнүктүрүү пилоттук долбоорунун алкагында 750 млн сомдук каржылоо каралган.

Мекеменин маалыматында, жалпысынан аталган программалар боюнча мамлекеттик банктар тарабынан 9 млрд 790 млн сомдук каржылоо көлөмү пландалган. Ошондой эле аграрийлерге жеткиликтүү каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн түзүү иши улантылары айтылды.

Scroll to Top