Банктар сом менен чет өлкөлүк валютага караганда 15 эсе көп депозит кабыл алыштыБанктардагы жаңы депозиттердин көлөмү сегиз айда 29%га өстүБишкекте турак үйлөрдөн жасалма алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жайлары аныкталдыКР коргоо министринин мурдагы орун басары Бишкектин кырсыктарга даяр эместигин эскерттиҮй-бүлөлүк зомбулуктун 68%га өсүшү: Кыргызстанда жаңы чаралар сунушталуудаӨзбекстан Самарканд тууралуу жарыяланган посттор үчүн Ирандын элчисине нааразылык нотасын тапшырды
Бишкекте чет элдиктер мушташып, экөө милицияга жеткирилди (видео)
05.11.2024 | 11:10
Бишкекте чет элдик жарандар мушташып кеткен. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясы кабарлады.
Милиция билдиргендей, 3-ноябрда саат 04:50дө аларга чет элдик жарандар мушташып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине кайгуул кызматкерлери барып, чет өлкөнүн жарандары пикир келишпестиктен улам мушташып кеткенин аныктаган.
Бул окуя боюнча милицияга 23 жаштагы Х.Т. жана У.М. аттуу чет элдиктер жеткирилген. Алардын бири У.М. милицияга арыз жазган.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүүдө.