«Бала менен ыктыярдуу жыныстык катнаш болбойт»: Бекешев жазаны жеңилдетүү жөнүндө7-октябрга карата Кыргызстандагы аба ырайынын божомолуБишкектин Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө унаа кыймылы чектелетЭкинчи ата-эненин макулдугусуз. Балдардын чет өлкөгө чыгуусу жеңилдетилиши мүмкүнБишкекте Чүй проспектисинин оңдолгон бөлүгү ачылдыБишкекте жети өлкөнүн компаниялары катышкан эл аралык өнөр жай көргөзмөлөрү өтөт
Видео: Бишкекте чет элдиктердин катышуусунда массалык мушташ болду
17.05.2024 | 12:50
Бишкекте чет элдиктердин катышуусунда массалык мушташ болду. Окуянын видеосу социалдык тармактарга чыкты.
Свердлов райондук милициясынын маалыматы боюнча, окуя 13-майда болгон. Болжол менен саат 21:30да милицияга Буденный көчөсүндө мушташ болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факт каттоого алынган.
Жерине барган милиция кызматкерлери аныктагандай, Буденный көчөсүндөгү үйдүн жанында хостел тургундарынын катышуусунда мушташ болгон.
Мушташка катышкандар тергөө кызматына жеткирилип, алар милицияга арыз жазган.
Бул факт боюнча “бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.