Кыргызстандын реалдуу секторундагы ишканалардын кирешеси 1,7 эсеге өстүЖапонияда XX Азия оюндары башталуудаКыргызстандын ишканаларынын пайдасы 2025-жылы 42,8%га өсүп, 430,5 млрд сомду түздүЧаткалда 15 жаштагы өспүрүм ур-токмоктон каза болуп, төрт окуучу кармалдыГүлшан Конушева Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору болуп дайындалдыСоттолгондор үчүн эмне өзгөрөт? ЖАМК жаңы эрежелерди сунуштоодо
Бишкекте чөнтөкчү маршрутканын ичинен өспүрүмдү тоноп кеткен
19.08.2023 | 15:27
Бишкекте эл ташыган кичи автобустун ичинде өспүрүмдү тоноп кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 16-августта түнкү саат 23:00до кичи автобуста белгисиз адам өспүрүмгө күч колдонуп, сумкасындагы 4,5 миң сом акчасын тартып алган. Бул окуя боюнча милицияга өспүрүмдүн агасы кайрылган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) боюнча кылмыш иши козголгон.
“Чөнтөкчү” иш-чарасынын жүрүшүндө шектүү катары 20 жаштагы К.А. аттуу жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз