Бишкекте милиция ымыркайын көчөгө таштап кеткен энени издөөдө

Бишкекте милиция ымыркайын көчөгө таштап кеткен энени издөөдө

Бишкектин Арча-Бешик конушунда баласын көчөгө таштап кеткен аял изделүүдө. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалым болгондой, 19-ноябрда болжол менен саат 22:45те милицияга Арча-Бешиктин Кара-Кужур көчөсүндө желим баштыкка оролуп, коробкага салынган ымыркай табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине милиция кызматкерлери барып, ымыркай ооруканага жеткирилген. Аталган окуя боюнча учурда ымыркайын көчөгө таштап кеткен энени издөө иштери жүрүүдө.

Буга чейин  Reporter.kg’ге кайгуул милициянын кызматкери Толкунбек Ташболотов бала табылганда оор абалда болгонун билдирген.

«Үй ээлеринин кызы көрүп калып, милицияга чалышкан. Биз барганча балага эч ким тийбептир, бир аз кечиксек бөбөк чарчап калмак. Анткени аны целлофан пакетке ороп, оозуна даараткана кагазын тыгып коюптур. Денеси мупмуздак болчу. Ымыркай жаңы эле төрөлгөн, денеси ылай, киндигин дагы кескен эмес, үзүп койгон», — дейт Толкунбек Ташболотов.

Анын айтымыда, бүгүн эртең менен ал төрөтканага чалып, баладан кабар алган. Дарыгерлер баланын абал жакшырып калганын айткан.

Бишкекте жаңы төрөлгөн ымыркайын көчөгө таштап кеткен окуя ноябрь айында экинчи ирет кайталанып жатат. Буга чейин 8-октябрда  Бишкектин Октябрь районунун Элебаев көчөсүндөгү таштанды челектен ымыркай табылган. Кийинчерээк баланы таштанды челекке таштап кеткен 21 жаштагы жаш кыз кармалды. Ага карата «өз баласынын өмүрүнө кол салуу аракети» айыбы менен иш козголгон.

Учурда жаш эне ооруканага жаткырылган.

Бишкекте дагы бир ымыркайды көчөгө таштап кетишти (видео)

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>