Бишкекте 13 жаштагы өспүрүм кыз үч күндөн бери изделүүдөМамлекеттик тууну үйүңүзгө илиңиз! Ошто патриоттук акция өтүүдөЖээнбек Кулубаев ШКУга мүчө мамлекеттердин улуттук координаторлорун кабыл алдыБишкекте Чүй проспектисинин жабылышына байланыштуу 16 автобустун каттамы убактылуу өзгөрөтОш шаарында бир нече негизги көчөлөр оңдолуп, пайдаланууга берилдиТүтүнсүз Көчмөндөр оюндары: Саламаттык сактоо министрлиги стадиондордо тамеки тартууга тыюу салынганын эскертти
Бишкекте дайынсыз болуп жаткан Закирбек Бексыргаев табылды
23.02.2024 | 19:58
Бишкекте дайынсыз жоголгон Закирбек Бексыргаев аман-эсен табылды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 23-февралда саат 18:00 чамасында борбор калаанын аймагынан мурда дайынсыз жоголгон жаран табылды.
Буга чейин 1989-жылы туулган Закирбек Бексыргаев 11-февралда «Арча-Бешик» конушундагы үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жатканы маалымдалган. 12-февралда анын апасы милицияга издөөгө жардам берүү өтүнүчү менен кайрылган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар