Түтүнсүз Көчмөндөр оюндары: Саламаттык сактоо министрлиги стадиондордо тамеки тартууга тыюу салынганын эскерттиНепалдагы табигый кырсыкка байланышуу Садыр Жапаров Рам Чандра Пауделге көңүл айттыТибеттеги сел кырсыгына байланыштууу Садыр Жапаров Си Цзиньпинге көңүл айттыКемин шаарында Жибек-Жолу көчөсүн көрктөндүрүү иштери башталды«Кулун-Ата» коругунда илбирс менен күрөң аюу фотокапкандарга түшүп калдыКРдин эл артисти, балетмейстер Кубанычбек Сыдыков дүйнөдөн кайтты
Бишкекте дарыгерге кол салган адамга иш козголду
20.04.2021 | 15:06
Улуттук госпиталдын дарыгерине кол салуу фактысы боюнча иш козголду. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.
“Медицина кызматкери “102” кызматына кайрылган, окуя болгон жерге ыкчам кызматкерлер барышып, жабырлануучунун арызын кабыл алышкан. Жабырлануучу ага чала тааныш адам анын денесине залал келтирип, эшикти талкалап салганын айткан”, – дешти мекемеден.
Аталган факты 119-берене (майда бейбаштык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.
Ошондой эле соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилери кабарланат.
Белгилей кетсек, Улуттук госпиталдын дарыгери Болот Таиров социалдык тармактагы баракчасына бейтапты көргөнү чыкканда сабалганын жазган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар