Бишкекте бейтапты көргөнү чыккан дарыгер сабалды

Бишкекте бейтапты көргөнү чыккан дарыгер сабалды

Бишкекте Улуттук госпиталдын дарыгери Болот Таировту сабап кетишкен. Бул тууралуу ал өзүнүн  социалдык тармактарында  жарыялаган.

Анын айтымында, ал саат 8:30 чамасында неврология бөлүмүн кабыл алуу бөлүмүндө нөөмөттө турганда, бир жигит келип, унаадагы бейтапты көрүүнү суранган. Көчөгө чыгып, ал оорулууну да, унааны да таппай, жумуш ордуна кайтып келген.

«5-7 мүнөттөн кийин, эшиктен катуу үн менен ошол жигит кирип келди. Керебеттеги бейтаптын абалын билүү үчүн жанына бардым,  ошол учурда башымдан оң жакка сокку алдым. Ал жигит бейтапты кароого тосколдук кылып, дагы бир жолу урууга аракет кылган. Ооруулуну сүйрөп кеткенден кийин гана карап, тийиштүү жардам көрсөтө баштадым», — деп жазган дарыгер.

Таиров белгилегендей,  болуп өткөн окуялардын бардыгы видеокөзөмөл камераларына жазылып алынган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>