Айыл чарба министрлиги бышкан дарбызды кантип тандоо керектигин айтып берди«Менин шаарым» тиркемесинде түнкү автобус каттамдары пайда болдуЖаратылыш министрлиги: Арпа өрөөнүндө электр кайырмагы менен чет элдиктер кармалдыКыргыз-Корея өнүктүрүү фондун түзүү сунушталдыКытай Оштогу башкы консулдугунун ишин жандандырууда«Манас» аэропортунда реконструкциядан кийин башкы кире бериш ачылды
Бишкекте дарыгерлер фасольго какап калган 2 жашар баланы сактап калышты
16.04.2025 | 15:40
Бишкекте төө буурчакка какап калган наристени дарыгерлер аман алып калышты.
3-балдар ооруканасынын дарыгерлери аны чукул бронхоскопиянын жардамы менен сактап калышкан. Бул тууралуу Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасынан билдиришти. Бул окуя 10-апрелдин кечинде болгон.
“Баланын ата-энеси дароо медициналык жардамга кайрылышкан эмес. Эртеси күнү гана баланын жөтөлү күчөп, дем алуусу кыйындап, дарыгерлерге кайрылышкан”,-деп билдиришти медициналык мекемеден.
Операцияны көкүрөк хирургия бөлүмүнүн башчысы А.Н.Садыков жана анестезиолог Р.М.Низамовалар жасашты. Ден соолукка коркунуч келтирген зат организмден. толугу менен чыгарыла элек, бирок учурда баланын абалы туруктуу.
Рубрики: Жаңылыктар