КР Саламаттыкты сактоо министрлиги урологдорду европалык эксперттерден акысыз окутуу боюнча макулдашты

8-июлда КР Саламаттыкты сактоо министри Дамир Осмонов Бельгия, Германия жана Түркиядан келген урология жана андрология тармагындагы эл аралык эксперттер менен жолугушту. Адистердин сапары 9–10-июлда Ысык-Көлдө өтө турган масштабдуу илимий-практикалык конгресске тушташтырылган.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстанда роботтоштурулган хирургияны киргизүү, аймактар үчүн телемедицинаны өнүктүрүү жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланды. Шлезвиг-Гольштейн (Германия) университеттик клиникасынын профессору жана Кыргызстандын кулуну Данияр Осмонов европалык алдыңкы адистердин катышуусунда ата мекендик урологдор үчүн акысыз аралыктан окутуу программасын баштоо демилгесин сунуштады.
Министр Дамир Осмонов билим берүү демилгесин колдоого алып, алдыңкы клиникалык тажрыйба алмашуу республикадагы адистештирилген медициналык жардамды модернизациялоодо негизги фактор экенин белгиледи. Чет элдик эксперттер да Кыргызстанга дарылоонун заманбап ыкмаларын киргизүүдө илимий-усулдук колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин ырасташты.