Айыл чарба министрлиги бышкан дарбызды кантип тандоо керектигин айтып берди

Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги бышкан жана таттуу дарбызды тандоого жардам берген сунуштарды жарыялады. Мекеменин маалыматы боюнча, дарбыздын бышканынын негизги белгилеринин бири — анын сыртындагы сары же крем түстөгү «талаа тактары». Эгерде тактын түсү ак же өтө ачык болсо, анда ал дарбыз мөөнөтүнөн эрте үзүлгөн болушу мүмкүн.
Ошондой эле адистер дарбыздын сабагына (сабына) көңүл бурууну сунушташат: кургак жана ичке сабак дарбыздын бышканын, ал эми жашыл сабак анын али жетиле электигин билдирет.
Дагы бир белгиси — сыртындагы тилкелеринин даана жана карама-каршы түстө болушу. Мындан тышкары, дарбыздын бетиндеги майда күрөң торчо сызыктар, тагыраагы «желелердин» болушу андагы канттын (ширенин) жогору экенинен кабар берет.
Дарбыз тандап жатканда аны чертип көрүү да сунушталат: бышкан дарбыздан басырыктуу жана катуу үн чыгат. Салмагы да маанилүү — бышкан дарбыз өзүнүн өлчөмүнө караганда оор болушу керек.
Айыл чарба министрлиги бул белгилердин бири да жүз пайыздык кепилдик бербестигин, бирок бир нече критерийлер дал келсе, даамдуу жана ширелүү дарбыз тандоо ыктымалдыгы кыйла жогорулай турганын баса белгиледи.