Бишкекте дзюдо боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында өлкө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш 18-19-январь күндөрү «Газпром» спорттук комплексинде өтөт. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.
Таймаштар өтө турган салмактар чендери:
Эркектер арасында: 60, 66, 73, 81, 90, 100, +100 кг;
Кыз-келиндер арасында: 48, 52, 57, 63, 70, 78, +78 кг.