Бишкекте Эл аралык Качкындардын күнүнө арналган веложарыш өттү

Бишкекте Эл аралык Качкындардын күнүнө арналган веложарыш өттү

Бүгүн Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги жана БУУнун Качкындар боюнча агенттиги Бириккен Улуттар Уюму тарабынан дүйнө жүзүндөгү качкындардын урматына жарыяланган Эл аралык Качкындардын күнүнө арналган веложарыш уюштурду.

Мекеменин маалыматына караганда, жарышка качкындардын жана Кыргызстандын жарандарынын арасынан жаштар катышты.

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин айтымында, 1990-жылдардан бери Кыргызстан 20 миңден ашык качкындарды кабыл алган, алардын көбү республикага интеграцияланган, же көчүрүлгөн, өз ыктыяры менен  өлкөлөрүнөн кайтып келишкен. Ошондой эле 2002-жылдан бери 9 миңден ашык адам Кыргыз Республикасынын жарандыгын алышкан.

2022-жылдын май айына карата Кыргызстанда 178 качкын жана 801 башпаанек издеген адам бар, алардын көбү Ооганстандан качып, Кыргызстанда ондогон жылдардан бери жашап келишет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>