Бишкекте Эл аралык кылмыштуулукка каршы борбор түзүү пландалууда

Бишкекте Эл аралык кылмыштуулукка каршы борбор түзүү пландалууда

Чолпон-Ата шаарында, 14-июнь күнү, Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин жана байкоочулардын Бишкек шаарында Эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча борборду түзүү маселеси боюнча кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Иш-чара кыргыз тараптын төрагалыгы алдында өткөн.

«Кеңешмелердин жүрүшүндө кыргыз тарап Борбордун укуктук статусун, негизги милдеттерин, функцияларын, ишинин курамын жана уюштуруучулук негиздерин аныктаган Борбор жөнүндө жобонун, ошондой эле Борбордун түзүмүнүн жана штаттык санынын долбоорлорун сунуштады. Иш-чаранын жыйынтыгы менен Шанхай кызматташтык уюмунун Аймактык антитеррористтик түзүмүнүн базасында Бишкек шаарында Эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча борборду уюштуруу жөнүндө кыргыз тараптын сунуштарын эске алуу жөнүндө макулдашууга жетишишти», — деп билдирет ИИМ.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>