Кыргызстан какаого жана ири иш-чаралар үчүн товарларга бажы жеңилдиктерин алды«Баатыр энелердин» балдарына ЖОЖдордо кошумча гранттык орундар бөлүнүшү мүмкүнДепутат мектептерде жасалма интеллект сабактарын киргизүүнү сунуштадыСарыбашов аймактар ортосунда темир жол каттамдарын калыбына келтирүүнү сунуштадыУКМК Манас шаарындагы спорт мектебин реконструкциялоодо коррупцияны аныктады: зыян 7 млн сомдон аштыМамлекеттик автомектептерде практикалык сабактарды өтүү тартиби өзгөрдү
Бишкекте Элдик курултайга делегаттар шайланды
05.11.2022 | 13:51
Бишкекте жергиликтүү курултай өтүп, Элдик курултайга катышуу үчүн 60 делегат шайланды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Белгилей кетсек, Бишкек шаары боюнча жергиликтүү курултайга жалпысынан 800 делегат шайланып, алар калктын санына жараша төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:
– Ленин району – 203 делегат (278 миң 500 жашоочу);
– Октябрь району – 228 делегат (313 миң 200 жашоочу);
– Биринчи май району – 164 делегат (225 миң 300 жашоочу);
– Свердлов району – 205 делегат (281 миң 400 жашоочу).
Белгилей кетсек, жергиликтүү курултайдын алкагында делегаттар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда 25-ноябрда өтө турган Элдик курултайда көтөрүлө турган актуалдуу маселелерди да талкуулашты.
Делегаттардын такталган тизмеси кийинчерээк берилет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом