Күйөөсү жеңеси менен көңүлдөш экенин билген келин өз жанын кыйган. Сот өкүм чыгарды

Күйөөсү жеңеси менен көңүлдөш экенин билген келин өз жанын кыйган. Сот өкүм чыгарды

Кара-Көл шаардык соту 25 жаштагы кош бойлуу аялын – Саламатты (аты-жөндөрү өзгөртүлдү) өз өмүрүнө кол салууга жеткиргени үчүн 31 жаштагы Замирбекти 8 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Жалал-Абаддагы “Акыйкат” укук коргоо уюмунун юристтери билдиришти.

Маалым болгондой, сот ошондой эле жабырлануучунун жеңесин – 42 жаштагы Наргизаны беш жылга шарттуу кести. Күбөлөрдүн айтымында, ал Замирбек менен интимдик мамиледе болуп келген.

Юристтер тергөө жана сот процессинде жабырлануучу тараптын кызыкчылыгын коргошкон.  Үй-бүлөнүн жакындарынын айтымында, Замирбек менен Саламат 2017-жылы баш кошушкан. Алардын беш жашар кызы бар. Ал эми Замирбектин агасы 2015-жылы каза болгон. Ал Наргиза менен интимдик мамиледе болгонун жакындары билип калган. Мындан улам үй-бүлөдө дайыма чыр-чатактар ​​чыгып турган. Саламат мындай кордуктарга чыдабай, 2021-жылдын 2-ноябрында сарайда асынып алган. Эксгумацияда аялдын кош бойлуу экени аныкталган.

Сотто айыпталуучулар күнөөсүн мойнуна алышкан эмес. Адегенде Замирбекке, андан кийин Наргизага Кылмыш-жаза кодексинин 128-берененин 3-бөлүгүнүн «Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү», «Адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунучтуу зомбулук көрсөтүү, ырайымсыз мамиле кылуу же адамдын жеке кадыр-баркын кемсинтүү» беренелери менен кылмыш иши козголгон.

Кара-Көл шаардык соту экөөнү тең күнөөлүү деп таап, Замирбекти сегиз жылга эркинен ажыратып, ал эми Наргизаны шарттуу кести.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>