Бишкекте эркек киши шаар тургунун сабап салган (видео)

Бишкекте эркек киши шаар тургунун сабап салган (видео)

Бишкекте эркек киши шаар тургунун сабап салган. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, аларга 13-августта Ж.Б. аттуу жаран кайрылып, Жал кичирайонундагы тез татымдын ичинен аны белгисиз адам сабап салганын билдирген.

Аталган факт каттого алынып, териштирүү иштери башталган. Тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Учурда бул ишке тиешеси бар адамдын өздүгүн аныктоо иштери жүрүүдө.

Сабалган жигиттин тууганы Kaktus.media’га билдиргендей, ошол күнү Рустам (аты өзгөртүлдү) телефон аркылуу гамбургер буйрутма кылып, аны алып кетүү үчүн тез татымга барган.

«Рустам тез татымга кирип, эч кимге тийишпей касса жакка өтүп барган. Ал жерде эркек менен аял туруптуп. Экөө урушуп жатыптыр. Рустам муздаткычтан суу алайын деп ал кишиге жылып коюусун суранган. Андан кийин касса жакка кайрылып, акчасын төлөп кетейин деген. Ошол учурда жанагы эркек ага кол салган. Ал аны уруп, көчөгө сүйрөп чыккан», — дейт ал.

Жигиттин тууганынын айтымында, Рустамды сабаган киши УКМКда иштейм деп эч кимден коркпой турганын айткан.

Сабалган жигиттин жаагы сынып, учурда ал ооруканада жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>