Президент Кыргызстандын Кытайдагы элчисин алмаштырды

16.10.2026 | 10:29
Президент Кыргызстандын Кытайдагы элчисин алмаштырды — Новости Кыргызстана

Айзада Субакожоева Кыргызстандын Кытайдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми буга чейин КРдин Кытайдагы элчиси болуп келген Актилек Мусаева президенттин дагы бир жарлыгы менен кызматтан бошотулду.

Жаңы элчи Айзада Субакожоева 47 жашта. Ал Бишкек гуманитардык университетинин Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетин, кийин Пекин университетинин Эл аралык мамилелер факультетин аяктаган.

Эмгек жолун 2003–2004-жылдары Кыргыз Республикасынын Кытайдагы элчилигинде штаттан тышкаркы кызматкер болуп иштөө менен баштаган. 2004–2006-жылдары Бишкек гуманитардык университетинде окутуучу жана кытай тили борборунун аткаруучу директору болуп эмгектенген.

2006–2015-жылдары Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат, Чыгыш өлкөлөрү жана Чектеш өлкөлөр департаменттеринде ар кандай дипломатиялык кызматтарды аркалаган, ошондой эле 2009–2013-жылдары Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинде атташе, үчүнчү катчы болуп иштеген.

2015–2018-жылдары Кыргызстандын Президентинин аппаратынын Тышкы саясат бөлүмүндө эксперт, сектор башчысы жана бөлүм башчысы кызматтарын ээлеген.

2018–2021-жылдары Кыргызстандан Шанхай Кызматташтык Уюмунун башкы катчысынын орун басары — Маалымат жана талдоо департаментинин директору болгон. Ошондой эле Тышкы иштер министрлигинин Экинчи саясий департаментинин директору кызматында иштеген.

Субакожоева 2026-жылдын июнь айынан бери Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары кызматына дайындалып, иштеп жаткан.

Scroll to Top