Бишкекте «Эскерүү шамы» жана «Ысымды кайтаруу» акциялары өттү

Бишкектеги Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштун башталгандыгынын 85 жылдыгына арналган «Эскерүү шамы» жана «Ысымды кайтаруу» эл аралык акциялары өттү. Иш-чараларга Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов катышты.
Ал акциянын катышуучуларынын алдында сүйлөп жатып, мындай иш-чаралар адамдарды Улуу Ата Мекендик согуштун окуяларын, Жеңиш муунунун каармандыгын жана жан аябастыгын эскерүүгө бириктирерин белгиледи.
«Бул согуштун кесепетинен тагдыры талкаланган миллиондогон адамдарды эскерүү жана аза күтүү күнү. Биз өз өмүрүн тобокелге салып, Мекенибиздин эркиндигин жана көз карандысыздыгын коргогон, дүйнөнү нацизмден сактап калган жана келечек муундарга тынч асман алдында жашоо мүмкүнчүлүгүн тартуулаган баатырлардын эрдигине таазим этебиз», — деди Болот Ибрагимов.
Ал өзгөчө «Ысымды кайтаруу» акциясынын маанисине токтолуп, издөө отряддарынын жана ыктыярчылардын эмгегинин аркасында көп жылдар бою дайынсыз жоголгон деп эсептелип келген жоокерлердин тагдыры аныкталып жатканын белгиледи.
Төраганын орун басары ошондой эле быйылкы акция «Согуштагы аялдар» темасына арналганынын символдук маанисин белгиледи. Анын айтымында, оор сыноо жылдарында аялдар фронтто салгылашып, жарадарларды куткарып жана тылда жан үрөп эмгектенип, кайраттуулуктун жана туруктуулуктун үлгүсүн көрсөтүшкөн.
Сөзүнүн соңунда Болот Ибрагимов акциянын уюштуруучуларына, издөөчүлөргө, ыктыярчыларга жана согуш баатырларынын элесин сактап, аны жаш муундарга жеткирип жаткан бардык жарандарга ыраазычылык билдирди.
Белгилей кетсек, «Эскерүү шамы» жана «Ысымды кайтаруу» эл аралык акциялары Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын элесин түбөлүккө калтыруу, тарыхый чындыкты сактоо жана муундардын байланышын чыңдоо максатын көздөйт.